Turmush — Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Ак-Сай айылында узундугу 1823 метрди түзгөн сел өтүүчү каналдын жээги ӨКМге караштуу сел жана суу ташкындарынан коргоо кызматы тарабынан бекемделип жатат.
ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын маалыматына караганда, айыл тургундарын түйшүккө салган каналдын нугу жыл сайын жүргөн селдин кесепетинен кумга толуп калган. Аба ырайынын жылышына байланыштуу жаан-чачын күчөп, кайрадан сел жүрүү коркунучу жаралгандыктан, ишти тез арада бүтүрүү тапшырмасы коюлган.
22-мартта башталган жумушка жалпысынан 2 экскаватор жана 1 жүк ташуучу унаа тартылган. Учурда каналдын нугу тазаланып, жээгин бекемдөө иштери жүрүп жатат. Бул иштерди апрель айынын ортосунда аяктоо пландалууда.
Жыйынтыгында 437 турак жайы бар Ак-Сай айылы жана 30 гектар айдоо аянты сел каптоо коркунучунан коргоого алынат.