Turmush — Ош шаарындагы А.Масалиев жана А.Навои көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан жер үстүндөгү өтмөктүн лифти көп убакыттан бери иштебей, шаар тургундары үчүн түйшүк жаратууда. Бул тууралуу жашоочулар билдирди.
Алардын айтымында, өзгөчө кары-картаңдар, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар жана кош бойлуу аялдар кыйналып жатат.
«Курулуп, пайдаланууга берилгенден бери кыйратып иштеген жок. Качан келсек лифт иштебейт. Өтмөк да аябай бийик. Чыкканча чарчап калабыз. Коляскачан келиндер, майыптыгы бар жарандарга бирөө жардам бербесе, өз алдынча чыгып түшө алышпайт. Башка жактан өтөлү десек кыйла жолду басып өтүп келиш керек. Лифтти эле иштетип коюшса бизге окшогон кары-картаңдар кыйналбайт элек», - деди тургундар.
Ал эми Ош шаардык мэриясынын шаар куруу жана муниципалдык менчик бөлүмүнүн башчысы Мирлан Казыбай уулу Тurmush басылмасына берген комментарийинде лифттин бузулган тетиктери Кыргызстанда жок болгондуктан керектүү жабдуулар Түркиядан буюртма берилгенин билдирди.
«Өзүңүздөр билгендей, А.Мамасалиев жана А.Навои көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан жөө адамдар өтүүчү көпүрө пайдаланууга берилген. Ал көпүрө бүгүнкү күндө муниципалдык менчик башкармалыгынын балансында турат, лифттердин баары эксплуатация болгон.
Жаштар, дени сак адамдар деле лифт менен чыгып, ары жактан бери жакка чыгып-түшүп, ойноп жатып лифттерди бузуп салышкан. Бирок азыр мэриянын жетекчилигинин тапшырмасы жана элдердин суроо талабына ылайык эки иштебей калган лифттин тетиктерин Түркиядан буюртма бердик. Төрт лифттин экөө жараксыз, анын тетиктери бизде жок. Жакынкы күндөрү тетиктери келгенден кийин Ош шаардык жолдор башкармалыгы тарабынан апрель айына бүткөрүлөт», - деди Казыбай уулу.
---------------------------------------------------------------------
2023-жылдын 30-августунан тарта Ош шаарындагы жөө жүргүнчүлөр жер үстүнөн өтүүчү өтмөк менен өтүп башташкан.
Буга чейин Turmush Ош шаарынын Масалиев менен Навои көчөлөрүнүн кесилишинде курулуп жаткан жер үстүнөн өтүүчү өтмөктүн бир бөлүгү урап түшкөнүн жазган.
Окуя 2023-жылдын 5-августуна караган түнү саат 01:30 чамасында болгон.
Ош шаарынын капиталдык курулуш башкармалыгы арматуралык конструкциясы бузулбаганын билдирген. Куруучулар опалубка орнотуп, бетон куюшкан.
Президент Садыр Жапаров Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин төрагасы Мырзабек Жапаркуловду Ош шаарына жер үстүнөн өтүүчү өтмөк курулуп жаткан жерге жөнөткөн.
Жапаркулов 5-август күнү кечинде курулушка барган учурда «Бул факт боюнча акт түзүлдүбү?» деген суроону койгон. Шаардык архитектура-курулуш көзөмөл башкармалыгынын өкүлү бул боюнча акт түзүлүп, 200 миң сом айып салынганын билдирген.
Курулуш иштерин «Сапат Куруш ЛТД» ЖЧКсы жүргүздү. Ал тендерди 45 млн сомго утуп алган.
Курулуш иштерин жүргүзүү үчүн тендерге эки компания катышкан:
- «Агат КГ-строй» ЖЧКсы;
- 45 миллион 297 миң 603 сомго аткарууну сунуштаган «Сапат Курулуш ЛТД» ЖЧКсы.
Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, «Агат КГ-строй» ЖЧКсынын жетекчиси жана негиздөөчүсү Бапов Абдибали Сайдакматович болуп саналат.
Компания 2014-жылдын 28-октябрында катталган. Негизги ишмердүүлүгү турак жана турак эмес имараттарды куруу болуп саналат.
«Сапат Курулуш ЛТД» ЖЧКсынын жетекчиси жана негиздөөчүсү болуп Абылов Амантур Эмилбекович көрсөтүлгөн. Ишкана 2021-жылдын 29-октябрында кайра каттоодон өткөн.