Turmush — 5-апрелде Шамалды-Сай шаарында жеңил унаада торпок уурдоого шектелгендер кармалды. Мындай маалыматты Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Маалым болгондой, окуя 5-апрель күнү түнкү саат 23:05тер чамасында болгон.
«Жол кыймылын тескеген инспекторлор кызмат учурунда турганда шек жараткан «Ауди А4» үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Аны Ош облусунун 1984-жылы туулган тургуну К.У башкарып бара жатканы белгилүү болгон. Ал Ала-Бука районуна бара жатканын айткан. Унаа текшерүүгө алынганда арткы орундукта бир торпокту уурдап бара жаткандыгына шек жараткандыктан, Таш-Көмүр ШИИБдин тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат», - деп айтылат маалыматта.