Turmush — Чүй облусунун Сокулук районунда 7-Апрель — Элдик революцияда курман болгондорду эскерүү иш-чарасы өттү. Бул тууралуу райондук мамлекеттик администрациядан билдиришти.
Иш-чарага мекеме-ишканалардын жетекчилери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, ошондой эле Апрель окуясында каза болгон баатырлардын жакындары катышышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө 2010-жылдын 7-апрелиндеги элдик көтөрүлүштүн тарыхый мааниси белгиленип, өлкөнүн эркиндиги, адилеттүүлүк жана демократия үчүн өз өмүрүн курмандыкка чалган баатырлар эскерилди. Катышуучулар алардын жаркын элесине таазим этип, гүлчамбарлар коюлуп, Куран окулду.
2010-жылдын 7-апрелинде «Ала-Тоо» аянтындагы окуяларда 87 жаран көз жумган. Алардын ичинен 13ү Сокулук районунун тургундары болгон.
Бүгүнкү күндө райондо каза болгондордун үй-бүлөлөрү жана жаракат алган 35 катышуучу бар.