Turmush — Бүгүн, 8-апрелде көпчүлүк аймактарда жамгыр жаайт. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.
Маалыматка караганда, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Ысык-Көл облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, күндүз айрым жерлеринде 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.
8-апрелден 10-апрелге чейин туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан локалдык нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү ыктымал.
Бүгүн, 8-апрелде күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек—Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255-чакырымдарында (Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу), Балыкчы—Казарман—Жалал-Абад унаа жолунун 326-349-чакырымдарында (Көк-Арт ашуусу) жана Каракол—Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүүсү мүмкүн. Жолдор тайгак болуп муз тоңот.