Turmush — Кара-Балта шаарынын тургундары дагы бир жолу кызыктуу жаратылыш кубулушуна — айры куйруктардын жазгы көчүнө күбө болушту.
«Кара-Балта шаарынын үстүнөн бир нече күн бою жүздөгөн ири куштар — айры куйруктар учуп өттү. Алар түштүк-батыштан түндүк-чыгышты көздөй багыт алышты. Жүздөгөн куш ар кандай бийиктикте — 50 метрден 20 метрге чейин жай уча, канаттарын акырын кагып бара жатышты. Айрымдары көтөрүлмө аба агымдарына түшүп, сүзүп учушту. Алардын баары уялай турган жайларына багыт алышкан. Күз башталганда айры куйруктар кайра артка — түндүк-чыгыштан түштүк-батышты көздөй учуп кетишет», — деп билдиришти күбөлөр.