Turmush — Жайыл районундагы Сосновка бурулушуна абанын сапатын көзөмөлдөөчү станция орнотулган. Бирок учурда бул жабдуу иштебей турат.
Сүрөттөмөгө ылайык, бул система айлана-чөйрөнүн абалын туруктуу экологиялык мониторинг кылууга арналган жана төмөнкү жабдуулар менен камсыздалган:
- PM2.5 жана PM10 катуу бөлүкчөлөрүнүн концентрациясын өлчөөчү лазердик датчиктер;
- уулуу газдарды көзөмөлдөөчү датчиктер (CO, NO2, SO2, O3);
- алыстан мониторинг жүргүзүү үчүн булут платформасы;
- абанын сапатынын учурдагы көрсөткүчтөрүн чагылдыруучу светодиоддук дисплей.
Бул станция экологиялык көзөмөл жүргүзүүдө жана калкты атмосфералык абанын абалы тууралуу маалымдоодо маанилүү элемент болуп саналат. Жалпысынан Жайыл районунда ушундай эки монитор орнотулган — анын бири «Джунда» мунайды кайра иштетүүчү заводдун аймагында жайгашкан. Айтмакчы, экөө тең ушул мунайды кайра иштетүүчү заводдун каражатына сатылып алынган. Экинчиси Сосновка бурулушунда орнотулган. Акыркысы Ак-Башат айыл өкмөтүнө өткөрүлүп берилген.
Ар бир тургун абанын тазалыгынын абалына кызыкса, онлайн режимде маалыматтар менен тааныша алат деп пландалган. Жергиликтүү тургундар тиешелүү кызматтар жабдуунун техникалык абалын текшерип, анын ишин калыбына келтирет же эмне себептен иштебей жаткандыгы боюнча маалымат берет деп күтүп жатышат. Азырынча монитордун иштебей жатканынын себептери боюнча расмий комментарий бериле элек.