Turmush — Кара-Балта шаарында Чүй облусунун ар кыл клубдарынан келген 6 жаштан 17 жашка чейинки 200дөн ашуун спортчуну чогулткан жиу-житсу боюнча биринчилик өттү.
Мелдеш фестиваль форматында уюштурулуп, ага ак кур тагынган башталгыч катышуучулар да, түстүү кур тагынган тажрыйбалуу спортчулар да катышты. Ошондой эле бул спорт түрү менен машыгып жаткан 30га жакын кыздын катышканы өзгөчө көңүл бурдурду. Эң кызыктуу беттештер түстүү кур ээлери күч сынашкан «Манас кубогу» үчүн болгон кармаштар болду.
Мелдештин жыйынтыгында жеңүүчүлөр жана байге ээлери медаль, дипломдор менен сыйланышты. Баш байге — «Манас кубогун» Бабаза Абдулхазиз (66 кг салмак категориясы), Мухаммад Ниязов (44 кг), кыздар арасында Саида Сабырова (62 кг) жеңип алышты.
Байге ээлеринин катарында ошондой эле төмөнкүлөр белгиленди: Эльмирбек Садырбеков (2-орун, 44 кг), Камилла Молдобекова (2-орун, 62 кг), Амалия Ягузова жана Мадина Севаза (3-орун, 62 кг), Керимбаев Даниэль жана Эмир Азильханов (2-орун, 66 кг), Ариет Жолдошев (3-орун, 66 кг).
Мелдештин уюштуруучусу, «Манас» спорт клубунун жиу-житсу боюнча башкы машыктыруучусу Алмаз Мамбетованын айтымында, турнирдин негизги максаттарынын бири — Кара-Балта шаарында жана Жайыл районунда жиу-житсуну жайылтуу. Анын айтымында, мындай мелдештер жаш спортчуларга жаңы деңгээлге чыгууга жана мындан да ири улуттук жана эл аралык мелдештерге даярданууга жардам берет.