Turmush — Бүгүн, 7-апрелде Манас районунуун Семетей айылында Апрель революциясынын 16 жылдыгы белгиленди.
Маалым болгондой, иш-чаранын алкагында Кыргызстан айыл өкмөтү тарабынан чакан сый тамак уюштурулду. Аким Бакытбек Суюнбаев куттуктоо сөзүн сүйлөп, 7-апрель окуясынын тарыхый маанисине токтолду.
Иш-чарада райондук маданият үйүнүн кызматкерлери тарабынан чакан концерттик программа тартууланды.