Turmush — Сүлүктү шаарында алдачылыкка шектелген адам кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, март айында Сүлүктү ШИИБге Сүлүктү шаарынын 3 тургуну жана Кадамжай районунун 1 тургуну арыз менен кайрылган. Алар Кызыл-Кыя шаарынын тургуну Г.А. ишенимине кирип, «Сүлүктү шаарында көмүр алып берем» деген убада менен алардан жалпы 5 млн 700 миң сом акча алып, бирок убадасын аткарбастан из жашырып кеткендигин айтышкан. Жогорудагы факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иш козголгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында шектүү Г.А. Бишкек шаарынан кармалып, тергөө кызматына жеткирилген. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери улантылууда.