Turmush — Бүгүн, 7-апрель — Элдик революция күнү. Бул күндү утурлай Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында иш-чара уюштурулду.
Белгилүү болгондой, 7-апрель баатырларына арналган мемориалдык эстелик Пушкин паркында жайгашкан. Учурда аталган паркта реконструкция иштери жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу, салтка айланган таазим кылуу иш-чарасы башка форматта өткөрүлдү.
Буга байланыштуу Каракол шаарынын вице-мэри Эрмекан Дүйшөбаева Апрель окуясынын баатырларын жана курман болгондордун жакындарын кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө 7-апрель баатырларынын атайын уюмунда төрага болуп жаңыдан Амантур Бейшеков шайланганы маалымдалды. Анын айтымында, учурда уюмдун мүчөлөрүн кайрадан тактоо иштери жүргүзүлүп жатат.
Ошондой эле вице-мэр мамлекеттин келечеги үчүн жанын аябаган мекендештердин эрдигин белгилеп, аларга ыраазычылык билдирди. Жолугушууда баатырлардын үй-бүлөлөрүнө социалдык колдоо көрсөтүү маселелери жана шаардык маанидеги көйгөйлөр да талкууланды.