Turmush — Кечээ, 6-апрелде Талас шаарынын борбордук паркында Апрель революциясында курман болгондор эскерилди.
Маалым болгондой, ага облус башчысы Эрмат Жумаев баш болгон жетекчилер, 7-Апрель революциясынын баатырлары жана каза болгон адамдардын ата-энелери, туугандары катышышты. Апрель баатырларынын эстелигине гүлчамбар коюлуп, Куран багышталып, аскердик залп атылды.
Андан кийин Талас облустук драма театрында иш-чара уюштурулуп, Апрель ыңкылабын чагылдырган театралдаштырылган пролог тартууланып, 7-апрель мектеп окуучуларынын көзү менен аттуу сүрөт көргөзмөсү уюштурулду.
Быйыл 7-апрель революциясына 16 жыл болду.