Turmush — Баткен шаарындагы калкты тейлөө борбору убактылуу башка имаратка көчүрүлдү. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.
Маалыматка караганда, калкты тейлөө борборунда өрт кырсыгы катталгандыгына байланыштуу мекеме убактылуу башка дарекке көчүрүлдү.
Учурда борбор жарандарды Баткен шаарынын М.Салихов көчөсүндөгү (драма театрдын жаны) «Мээрим» балдар чыгармачылык үйүндө кабыл алууда. Тиешелүү кызматтар мурдагыдай эле тартипте көрсөтүлүүдө.
----------------------------------------------
Turmush 2026-жылдын 1-апрель күнү Баткен шаарындагы калкты тейлөө борборунун имаратынан өрт чыкканын жазган. Өрттөн эч ким жабыр тарткан жок.
ӨКМдин маалыматына караганда, жалын саат 08:37де толук өчүрүлгөнүн кабарлаган.