Turmush — 2026-жылдын 27-28-март күндөрү Бишкек шаарында джит кун-до боюнча Азия чемпионатына тандоо турнири өттү.
Турнирде жалпы 350 спортчу күч сынашты. Ал эми Чүй облусунун Жайыл районунун атынан 30 спортчу катышты.
Жайылдык спортчулар машыктыруучу Сыргак Жапаркуловдун жетекчилигинде тмөндөгүдөй жыйынтык көрсөттү:
- Аят Табалдиев — 38 кг чалмакка чейинкилер арасында 2-орун;
- Закир Бутобаев — 40 кг салмакка чейинкилер арасында 1-орун;
- Альмир Мелисов — 45 кг салмакка чейинкилер арасында 3-орун;
- Абдурахман Аманбаев — 48 кг салмакка чейинкилер арасындан 1-орун;
- Бекзат Абилов — 54 кг салмакка чейинкилер арасында 2-орун;
- Темирлан Алтымышев — 65 кг сламакка чейинкилер арасында 1-орун.
Жеңүүчүлөр медаль жана дипломдор менен сыйланды.
Джит кун-до стилинде түз соккулар дээрлик жок. Кол салуудагы бардык соккулар алдамчы кыймылдан же каршы кол салуудан кийин жасалат. Техникалык жактан өркүндөтүлгөн кол салуу стратегияны, ылдамдыкты, убакытты, алдамчы кыймылдарды жана тактыкты камтыйт. Бул стилдеги мушкер күнүмдүк машыгуулардын жүрүшүндө ушул элементтердин бардыгын өркүндөтүүгө умтулат.
Кол салуунун түрү коргонуунун түрүнө жараша болот, душмандын күтүлгөн реакциясына негизделиши керек.