Turmush — Жайыл районунун спортчулары дзюдо боюнча эл аралык жана жергиликтүү мелдештерде ийгилик жаратышты.
Маалым болгондой, 26-28-март күндөрү Бишкек шаарында дзюдо боюнча Жангарач бий кубогу өттү. Турнирге 2009-2010, 2011-2012, 2013-2014, 2015-2016-жылдары туулган 1000ге жакын балдар жана кыздар катышты. Жайыл районунун спортчусу, 36 кг салмак категориясында Айнура Курманалиева 3-орунду ээлеп, мелдештин коло байгелүүсү болду. Спортчуну Козубай Шеркозуев машыктырат.
Жеңүүчүлөр жана байгелүү орунду ээлегендер Кыргызстандын улуттук дзюдо федерациясынын медалы жана дипломдору менен сыйланышты.
Ошондой эле, үстүбүздөгү жылдын 23-мартында Кара-Балта шаарындагы Кожомкул атындагы күрөш залында Жайыл районунун окуучуларынын арасында дзюдо боюнча спартакиада өттү.
Төмөнкү окуучулар жеңүүчү болушту:
46 кг салмак категориясында:
1-орун — Молдобаев Азамат,
2-орун — Жеңишбеков Мубарак,
3-орун — Чормошев Айдар,
50 кг салмак категориясында:
1-орун — Жээналиев Ажибек,
2-орун — Алтынбеков Раатбек,
3-орун — Садовский Захар,
55 кг салмак категориясында:
1-орун — Жаныбеков Баяман,
2-орун — Зулпукаров Алманбет,
3-орун — Закиров Нурмухаммед,
60 кг салмак категориясында:
1-орун — Жээналиев Ажибек,
2-орун — Жаныбеков Баяман,
66 кг салмак категориясында:
1-орун - Молдобаев Азамат,
2-орун - Жеңишбеков Мубарак,
3-орун - Рысбеков Бекназар,
73 кг салмак категориясында:
1-орун — Алтынбеков Марсель,
2-орун — Абдисатаров Осмон,
+73кг салмак категориясында:
1-орун — Бактыбеков Анвар,
2-орун — Өсөров Адахан,
3-орун — Үсөнбаев Азамат.
Спартакиаданын башкы калысы Козубай Шеркозуев болду. Жеңүүчүлөр жана байгелүү орунду ээлегендер Жайыл райондук балдар-жаштар спорт мектебинин эстелик дипломдору менен сыйланышты.