Turmush —
Ысык-Көл облусунда 1 түн ичинде 19 мас айдоочу кармалды. Бул тууралуу жол сакчылар билдиришти.
Маалыматка караганда, иш-чара Ысык-Көл облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынын милициясынын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлдү.
Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында жол эрежелерин одоно бузуп, мас абалында унаа башкарган 19 айдоочу аныкталып, мыйзам чегинде чаралар көрүлдү. Алардын унаалары айып короого токтотулуп, тиешелүү протоколдор түзүлдү.
Учурда мындай рейддер жол кырсыктарын алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө. Айдоочуларга жол коопсуздугун сактоо жана мас абалында унаа башкарбоо боюнча эскертүүлөр берилди.