Turmush —
Ат-Башы райондук маданият бөлүмү жана Ат Башы райондук китепканасы Бүткүл дүйнөлүк балдар адабияты күнүн белгилешти.
Маалым болгондой, бул күнгө карата балдар арасында «Бал тилдүү балалыктын акыны Каныбек Жунушев 85 жашта» аттуу чыгармачылык сынак өткөрүлдү. Алар акындын ырларын көркөм, жүрөккө жеткирген обон менен окуп, улуттук бийлерди аткарып, аркан тартыш оюну аркылуу биримдикти жана шамдагайлыкты көрсөтүштү. Сүрөт тартып, өздөрүнүн ички дүйнөсүн жана кыял-жоруктарын кагаз бетине чагылдырып, өнөрлөрүн тартуулашты.
Сынакка Орозакун Мамбетакунов атындагы бала бакчанын тарбиялануучулары, Бирлик айылындагы С. Мурзакматов атындагы жалпы билим берүү мектебинин 5-классынын, Ж.Шералиев атындагы балдар искусство мектебинин жана Карыбек уулу Акматаалы атындагы жалпы билим берүү мектебинин окуучулары катышыты.