Turmush — Ош облусунда «Арсенал» рейдинин натыйжасында 137 миң 500 сом айып салынды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин Басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка караганда, рейд 6-марттан 31-мартка чейин өткөрүлдү. Анын алкагында курал алып жүрүүгө жана сактоого уруксаты бар жарандардын ок атуучу куралдары текшерүүгө алынып, мыйзамсыз сакталган куралдарды аныктоо, каттоодо турган куралы бар жарандардын жүрүм-турумуна жана үй-бүлөлүк зомбулук фактыларына да көңүл бурулду.
Каттоодо турган 2559 курал текшерүүгө алынып, тиешелүү документтери жок 15 даана курал алынды. Куралды каттоо эрежесин бузган 52 жаранга мыйзамга ылайык 137 миң 500 сом айып салынды.