Бөлүмдөр
Бейшемби, 5-декабрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 21.01.2014 14:28

Жала-Абадда дыйкандар жана фермерлерге чарба продукцияларын чет өлкөгө экспорттоо милдети коюлду

Turmush -  Жалал-Абад шаардык аткаруу комитетинин кеңешмесинде 2013-жылдагы айыл чарба тармагында 340,7 млн сомдук продукция өндүрүлүп, өткөн жылга салыштырмалуу өсүү темпи 182,7%ды түзгөндүгү айтылды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Кеңешмеде маалымдалгандай, 111,7 млн сомдук продукция өндүрүлүп, өсүү темпи 108,9% түздү. Ал эми талаачылык чарбасында 229 млн сомдук продукция өндүрүлдү жана өсүү темпи 273,1%га жеткен. Талаачылык тармагында өндүрүлгөн продукциянын өсүшүн эгилген көп жылдык чөптөрдүн эсебинен камсыздалган. Өткөн жылдын күз айларында Т.Тайгараев аймактык башкармалыгында 90 гектар жер аянтына күздүк буудай эгилип, бул көрсөткүч берилген тапшырмага салыштырмалуу 30,%га аткарылган.

Ошондой эле тоңдурма айдоо боюнча берилген 150 гектардан 120 гектарга чейинки жер айдалган, башкача айтканда, берилген тапшырма 80% аткарылган. Ушул жылга ири айыл чарба кооперативдерди түзүү ыкмасы менен өндүрүлгөн айыл чарба продукциясынын көлөмүн 203% өсүүсүн камсыздоо, фермер, дыйкан чарбаларына арзан баада жер семирткичтерди, химикаттарды, күйүүчү майларды өз убагында жана жетиштүү деңгээлде айыл чарба техникалары жана шаймандары менен камсыз кылууну колго алуу милдеттендирилүүдө.

Муну менен бирге фермер жана дыйкан чарбалары талаачылык жана мал чарба продукцияларын чет өлкөгө экспорттоо аракеттерин көрүү зарылдыгы тураары белгиленди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×