Turmush — Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагына караштуу Чаувай айылында ветеринардык өткөрмө пост орнотулду.
Айыл өкмөтүнүн маалыматына караганда, учурда жергиликтүү тургундар мал-жандыктарын жайлоого айдап чыга башташкан. Ушуга байланыштуу мал ветеринардык көзөмөлдөн өткөрүлүп жатат. Аталган постто малдардын жугуштуу жана башка ооруларга каршы эмдөөдөн өткөндүгү тыкыр текшерилип, алардын саны жана абалы да көзөмөлгө алынууда.
Өткөрмө пост жайыт комитети тарабынан уюштурулуп, анын негизги максаты мал арасында ар кандай ылаңдардын жайылышын алдын алуу жана өз убагында чара көрүү болуп саналат.