Turmush — Кыргыз элинин улуттук аспаптарынын ичинен өзгөчө мукамдыгы, кайталангыс үнү менен айырмаланган кыл кыяк бүгүнкү күндө жаш муундардын да кызыгуусун арттырып келет. Дал ушундай өнөргө жүрөгүн арнаган жаш таланттардын бири — Каракол шаарынын тургуну, мектеп окуучусу Арууке Расулова.
Арууке Расулова 2010-жылдын 26-октябрында төрөлгөн. Учурда ал Каракол шаарындагы Жылкыайдар уулу Тилекмат атындагы мектептин 9-классында билим алат. Музыкага болгон кызыгуусу анын жаштайынан башталган.
«Апам азыркы учурда К.Карасаев атындагы Ысык-Көл лицейинде башталгыч класстардын мугалими болуп иштейт. Ал эми буга чейин музыкалык окуу жайында комуз сабагынан мугалим болуп эмгектенген. Апамды чыгармачыл адам десем болот. Ал комузда ойнойт, ырдайт. Кичинемден анын комуз чертип, кыргыз күүлөрүн аткарганын көрүп, угуп чоңойдум», — дейт ал.
Анын чыгармачылык жолундагы бурулуш учур 2022-жылга туура келет. Дал ошол жылы Арууке кыл кыяк аспабына кызыгып, музыкалык мектепке тапшырат. Башында ага комузду улантуу сунушталган. Бирок ал өз каалоосу менен кыл кыякты тандап алган. Бул тандоосуна мугалими Айгерим Абдырасулованын аткаруусу чоң таасир берген.
«Апамды ээрчип жумушуна баргам. Музыкалык мектепте баары таланттуу эжей-агайлар эмгектенишет. Ошол жактан менин эжейим Айгерим Абдырасулованын кыл кыякта ойногонун көрүп, абдан суктандым. Ал сыяктуу бул аспаптын сырын үйрөнгүм келди. Кыл кыяктын мукам үнүн укканда, аны абдан жакшы көрүп калдым десем болот.
Баштапкы этапта аспапты кармоо, айрыкча жааны туура пайдалануу бир топ кыйынчылык жаратты. Колдорум тез чарчап, үндөр так чыкпай кыйналган учурларым болгон. Бирок туруктуулук менен эмгекчилдиктин аркасында бул тоскоолдуктарды жеңип чыктым», — дейт ал.
Бүгүнкү күндө Арууке классикалык чыгармаларды ийгиликтүү аткарып келет. Анын репертуарында Л.Боккерининин «Менуэт», Г.Телемандын «Концерт» жана К.Вебердин «Аңчылардын хору» сыяктуу чыгармалары бар.
Жаш музыкант үчүн сахнага чыгуу өзгөчө сезимдер менен коштолот.
«Сахнага чыкканда толкундануу жана бир аз коркуу болот. Ошол эле учурда чыгарманы мыкты аткарууга болгон жоопкерчилик күчөйт», — дейт ал.
Арууке акыркы жылдары бир нече сынакка катышып, алгылыктуу жыйынтыктарды көрсөтө алды. Өткөн жылы мектеп ичиндеги сынакта 2-орунду ээлесе, быйыл 11-мартта өткөн сынакта 1-орунду багындырган. Ал эми 24-мартта өткөн облустук сынакта 2-орунга татыган. Бул жетишкендиктер жаш талант үчүн чоң дем-күч болуп, алдыга болгон ишенимин арттырды.
Анын айтымында, кыл кыяк кыргыз маданиятында өзгөчө орунду ээлейт. Бул аспап элдин тарыхын, салт-санаасын чагылдырган улуттук мурас болуп саналат. Ошондуктан мындай өнөрдү үйрөнүү — чоң сыймык.
«Кыл кыякты үйрөнүүнү каалагандарга эрте баштоону, сабырдуу болуп, тырышчаактык менен эмгектенүүнү сунуштайм. Бул аспап ар бир угармандын жүрөгүнөн түнөк табат деп ишенем», — дейт ал.
Арууке өнөр аркылуу эмгекчилдикти, сабырдуулукту жана жоопкерчиликти үйрөнгөнүн белгилейт. Мындан тышкары, сахнада өзүн ишенимдүү алып жүрүүгө да чоң жардам бергенин айтат. Бош убактысында ата-энесине жардам берип, сүрөт тартып, фортепианодо ойнойт.
Келечекте Арууке өзүн музыка дүйнөсүндө көрөт. Ал мугалими сыяктуу башкаларды окутууну, концерттерге жана сынактарга катышууну, ансамблде ойноону жана туристтерге улуттук музыка тартуулоону кыялданат.