Turmush — Түп айыл аймагында өлгөн малды жана башка жаныбарларды жок кылуучу крематорий иштеп баштады. Бул тууралуу Түп айыл өкмөтүнүн башчысы Урмат Бозгунов билдирди.
Анын айтымында, крематорий ишке киргенге чейин өлгөн жаныбарлар Беккари чуңкуруна ташталып келген.
«Өлгөн жаныбарларды өрттөп жок кылуучу шайман Түп айылындагы таштанды төгүүчү жайдын жанына орнотулду. Крематорийди ишке киргизүү долбоору 2025-жылы башталып, быйыл пайдаланууга берилди. Жалпы курулуш иштерине 2 млн 400 миң сом керектелди. Керектүү шайман Россиядан алып келинген.
Ал эми айланасын тосууга жана чатырча (навес) курууга жергиликтүү бюджеттен 390 миң сом сарпталды, калган каражат Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунан бөлүндү. Крематорийдин кубаттуулугу 500 килограммга чейинки салмактагы малды жана башка жаныбарларды өрттөп жок кылууга мүмкүнчүлүк берет», — деди айыл өкмөт башчысы.