Turmush — Ош облусунун Чоң-Алай районунда 30 жылга жакын акушер болуп эмгектенген Айнагүл Дыкамбаева дүйнө салды. Бул тууралуу анын жакындары билдирди.
Алардын айтымында, Айнагүл Дыйкамбаева 2026-жылдын 28-мартында узакка созулган оорудан улам көз жумду. Маркум өзү жашаган Кадамжай районунда жерге берилди.
Айнагүл Дыйкамбаева 1947-жылдын 6-июнунда Ысык-Көл облусунда жарык дүйнөгө келген. Эмгек жолун 1970-жылы Ош облусунун Чоң-Алай районундагы төрөт үйүндө акушер болуп баштап, бул тармакта 28 жыл эмгектенген.