Turmush — Ош технологиялык университетинин Экономика жана башкаруу институтунун Бухгалтердик эсеп жана аудит кафедрасы тарабынан 3-апрель — Бухгалтерлер жана аудиторлордун кесиптик майрамына карата «Санариптештирүү шартында бухгалтердик эсеп жана аудитти өнүктүрүү» аттуу эл аралык практикалык семинар уюштурулуп өткөрүлдү.
Семинарга университеттин жетекчилиги куттуктоо сөздөрүн айтып, окуудагы жетишкендиктери, үлгүлүү жүрүм-туруму жана коомдук иштерге активдүү катышкан студенттер ардак грамоталар менен сыйланышты. Ошондой эле кафедранын профессору Мурат Абдиевдин атынан стипендия ыйгарылды.
Иш-чарага Казакстан Республикасынын METU университетинин профессору, CIPA Габдуллин Нурлан Имангазиевич, Өзбекстан Республикасынын Андижан шаарындагы Экономика жана педагогика университетинин окутуучулары, ОшМУнун профессордук-окутуучулук курамы жана башка илимий чөйрөнүн өкүлдөрү катышты.
Мындан сырткары, бизнес коомчулуктун, мамлекеттик жана бюджеттик мекемелердин өкүлдөрү — стейкхолдерлер активдүү катышып, санариптик экономика шартында бухгалтердик эсеп, аудит жана статистика багытындагы актуалдуу маселелер талкууланды.
Семинардын жүрүшүндө докладдар угулуп, катышуучулар өз ара тажрыйба алмашып, сунуш-пикирлерин билдиришти. Ошондой эле суроо-жооп форматындагы талкуу уюштурулду. Иш-чаранын жыйынтыгында катышуучуларга ыраазычылык билдирилип, мындан ары да өз ара кызматташтыкты өнүктүрүү зарылдыгы белгиленди.
Белгилей кетсек, 3-апрель — Кыргыз Республикасында бухгалтерлер жана аудиторлордун кесиптик майрамы катары белгиленип, бул тармактагы адистердин өлкө экономикасындагы маанилүү ролун даңазалайт.