Turmush — Ош шаарындагы мектептердин биринде окуучунун апасы мугалимге көтөргөн учурда тартылган видео социалдык тармактарга тарады. Бул окуя мектептеги видеокамерага түшүп калган.
Видеодо белгисиз аял мектепке келип, «менин баламды эмне үчүн урасың?» деп мугалимди башына жана бетине чаап жибергенин көрүүгө болот. Аял менен кошо келген эркек киши мугалимге акаарат сөздөрдү айткан.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы Turmush басылмасына билдиргендей, бул факты боюнча милицияга арыз түшкөн. Окуя 2026-жылдын 2-апрелинде «Юниум» жеке мектебинде катталган.
«Учурда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмү окуяны териштирип жатат. Мугалим тарабынан жазылган арыздын негизинде териштирүүнүн жыйынтыгында кол көтөргөн адамдын иш-аракетине мыйзам чегинде баа берилет», - деп айтылат маалыматта.
Ал эми Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын маалыматына караганда, окуя 2026-жылдын 9-март күнү Ош шаарындагы «Юниум» жеке менчик мектебинде орун алган. Видеодо кол көтөрүп жаткан ата-эне О.А. 10-март күнү Ош шаардык билим берүү башкармалыгына арыз менен кайрылган. Арызда баласы Ш.У. 1-класста окугандыгын, ал мектепте иштеген Ч.А. аттуу мугалим баласын ургандыгын жазган.
Ош шаардык билим берүү башкармалыгы аталган окуя боюнча иликтөө жүргүзүп жатканда «Юниум» жеке менчик мектебинин директору К.Ч. жана аты аталган мугалим Ч.А. чакырылып, түшүнүк каттары алынган. Анда мугалим Ч.А. баланын тентектик кылып, улам сабакта башка окуучуларга тоскоолдук жарата бергенин жазган. Муну менен кошо аталган жагдай боюнча мугалим мектеп директорунун окуу-тарбиялоо иштери боюнча орун басарына билдирип, ата-энесине кабар берүүнү өтүнгөнүн кошумчалаган. Баланын апасы ошол замат келип, мугалим экөөнүн ортосунда түшүнбөстүк жаралып, мугалимге кол көтөргөн.
«Башкармалык эки тарапты тең элдештирүүгө бир топ жолу аракет жасаган, бирок маселе ачык бойдон калган. Андан соң эки тарап тең бири-биринин үстүнөн тийиштүү органдарга арыз жазышкан. Мугалим Ч.А. билдиргендей, аны сабаган жарандын агрессиясы улам күчөй бергендиктен бул видеону соцтармактарга чыгарып салууга аргасыз болгон», - деп айтылат маалыматта.
- Юстиция министрлигинин маалыматтар базасындагы маалымат боюнча, «Юниум» билим берүү комплекси мекемесинин түзүүчүсү жана жетекчиси — Кошиева Чолпон Асанбековна. Мекеме 2013-жылы 24-октябрда каттоодон, 2026-жылы 6-мартта кайра каттоодон өткөн. Негизги ишмердүүлүгү: жалпы орто билим (экинчи баскыч).