Turmush — Чүй облусунун Панфилов районунда быйыл 750 гектар аянтка кант кызылчасын өстүрүү мерчемделүүдө. Бул тууралуу райондук мамлекеттик администрациясы билдирди.
Маалыматка караганда, райондогу айдоо жерлердин жалпы аянты 51 миң 194 гектарды түзөт.
Акимчилик билдиргендей, күндүн табы көтөрүлүп жаткандыктан, жер айдоо иштери ыкчам жүрүүдө. Анткени ным сакталып турган учурда эгин талааларына үрөн себүүгө жетишүү зарыл.
«Үстүбүздөгү 2026-жылы кылкандуу дан эгиндеринин жалпы аянты 35 миң 970 гектарды түзөт. Анын ичинен буудай 18 миң гектарга, арпа 17 миң 970 гектарга айдалат. Ал эми жүгөрү 1076 гектарга, май өсүмдүгү — сафлор 1600 гектарга, кант кызылчасы 750 гектарга мерчемделүүдө», — деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, ирригациялык иштердин алкагында суу каналдарына бетон полотно төшөлүп, эгин талааларын таза суу менен камсыз кылуу аракеттери жүрүп жатканы кошумчаланды.
Панфилов районунун акими Бекмаат Масаидов жазгы талаа иштери менен жеринен таанышты.
«Суу каналдарына төшөлүп жаткан бетон полотно сууну үнөмдүү пайдаланып, аны айдоо аянттарына тез жеткирүүгө шарт түзөт», — деди ал.
Ал эми механизатор Бекбосун Токталиев күнүнө орто эсеп менен 30 гектарга жакын жер айдап жатканын билдирди.
«Мен 59 жаштамын, Чалдыбар айылынын тургунумун. 1987-жылы армиядан келгенден бери трактор айдап келем. 40 жылдык тажрыйба турмушта мени чыйралтты. Жерди терең айдап, сапаттуу үрөндү өз убагында себүү мол түшүмдүн негизин түзөт. Күнүнө 30 гектарга жакын жер айдайм», — деди ал.