Turmush — Баткенде дыйкандар өрүк бакка чайыр эгип жатышат. Бул ыкма менен бир эле бактан эки киреше табууга болот.
Баткен районуну Жаң-Жер айылынын тургуну Марлен Динмухаммед уулу 80 сотых өрүк багына 4 жыл мурда чайырдын уругун сепкен. Алар келерки жылга түшүм берүүгө даяр.
«Өрүк багыбызга чайырдын уругун сепкенбиз. 3-4 жылдык болуп калды. 70-80 сотых аянт. Жылда өрүккө суу койгондо суу ичет. Бул чайыр тоолуу, кайрак жерлерде өссө, мындай сугат жерде андан да жакшы өсүп жетилет. 5-6 жылда түшүм берет. Бул дегени бышып жетилип, анын тамырынан шире алынат. Бир түптөн болжолдуу 100 грамм шире алууга болот. Биздин айылда дагы мынтип чайырды бакка өстүргөндөр бар. Бирок аз. Мындай шарттагы дыйкандар эгип киреше тапса болот. Муну мал да жебейт, жок болуп да кетпейт өсө берет. Дыйкандар жайылтса жакшы болот», - деди ал.
2023-жылы Баткен облусунун тоолорунан чайыр (ферула) терип, мыйзам бузгандарга чара көрүлөрү айтылган.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министрлигинин Баткен регионалдык башкармалыгынын өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жана биотүрдүүлүк бөлүмүнүн башчысы Аширали Пирматов билдгендей, буга чейин атайын эрежелерди сактоо менен аталган кызматтан тиешелүү кагазадардын негизинде чайыр өсүмдүгүн казып алууга мүмкүнчүлүк болгон. Мындан ары аталган өсүмдүктү казып алууга салынды. Ал эми уругун атайын уруксат кагаздын негизинде терүүгө болот. Эгерде лицензия жок мыйзам бузуу катталса, тамырын казып алуу катталса, келтирилген чыгымга жараша айып пул салынат.
«Баткен облусунун тоолорунда кездешкен чайыр өзгөчө коруктагы өсүмдүккө кирет. Чайыр дарылык касиетке ээ болуп, аны терип ширесин сатышат. Ал үчүн буга чейин бир канча фирмалар тиешелүү кызматтардан лицензия алып, белгилүү бир аймактан казып алып келишкен. Мында чайырды түп тамыры менен жок кылуу эмес, келишимде көрсөтүлгөн эрежелерди сактоо менен казып, ширесин алышкан. Бирок быйыл чайыр өсүмдүгүнүн тамырын казып алууга жана уругун терүүгө тыюу салынды. Ал үчүн токтом кабыл алынды. Чайыр казып, уругун терип киреше табууну же пайдаланууну көздөгөн жарандарга айып пул салынат. Ал базар наркында эсептелип, келтирилген чыгымды төлөп берет», - дейт Аширали Пирматов.
Кыргызстандын тоолорунда сасык чайыр, ак чайыр өсүмдүгүнүн 32 түрү кездешет. Өткөн жылы 5 фирма атайын лицензиянын негизинде Баткен облусунун тоолорунда иштешип, чет өлкөлөргө экспорттошкон.
- 2022 Turmush басылмасы Баткенде жергиликтүүлөр ак чайыр дары чөбүнүн ширесин жыйнап сатып, сезондо 500-600 миң сомго чейин киреше табышарын жазган.
Дара айыл өкмөтүнүн тургуну Абдираим Узакбаевдин айтымында, жергиликтүү тургундар апрель айынан сентябрга чейин чайырдын тамырындагы сымаласын жыйнашат.
«Ак чайыр кайрак жерде тоо боорлорунда өсөт. Биздин Баткен районунун тоолорунда да кездешет. Жергиликтүү тургундар апрель айынан сентябрга чейин чайырдын тамырындагы сымаласын жыйнап, фирмаларда иштеп киреше табышууда. Килограммы 1000 сомдон жогору. Тамырын чукуп алып, кесип койсо, сымаласы 1 күндө чыгып калат. Аны кырып алып топтошот.
Азыр эми жергиликтүү жашоочулар үйлөрүнө өстүрүүнү колго алышууда. Жеке эгин талааларына эгип, көбөйтүп пайда көрүшсө да болот экен. Учурда тоодон жыйнап жатып бир сезондо бир жумушчу 500-600 миң сомдой пайда көрүшөт», - деген ал.
Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жана биотүрдүүлү бөлүмүнүн башчысы Аширали Пирматовдун айтымында, район аймагында 10 чакты фирма лицензия менен ак чайыр жыйнап иш алып барып жатышат. Алар чайырды Индияга чейин экспорттошот.
«Ак чайыр, кара чайыр деп коюшат. Бизде ак чайыр өсөт. Кадамжайда Баткен районунда Лейлекте тоо боорлорунда бар. "Ферула ванючий" деп айтылат. Дарылык касиети болгондуктан 5-6 жыл мурда кошуна өлкөлөрдөн келип, ширесин кантип алуу жолдорун көрсөтүшкөн. Азыр жергиликтүү тургундар жакшы өздөштүрүп алышты.
Өткөн жылдары Баткен шаарынын асты жагындагы Кызыл-Бел айылынын тоолоруна да эгип көргөнбүз. Жергиликтүү тургундар эгин талааларына да өстүрүү жагын карап жатышат. Колго алып алышса кирешелүү жумуш. Өткөн жылдары 1 килограммын 40 долларга чейин сатышкан. Азыр 10 чакты фирма лицензия алып иштеп жатат. Алардын ар биринде 80-90 жумушчу бар. Жергиликтүү тургундарга иш орун болду. Мында фирмалар экологиялык талаптарды сакташы керек. Ал чөптүн тамырындагы чакыч сыяктуу сымаласын алышат. Анын тамырын кесип коюшса, эртеси сымаласы даяр болуп чыгып калат. Ошону алышат. Тамырды кайра көмүп коюш керек.
Мындан сырткары бир тоо боорунан 100 тамырдын 40ын коюш керек. Ушундай талаптар сакталышы керек. Биз эми аларга рейд уюштуруп, ушундай түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз. Анан 1-2 жыл тыным жасоо керек. Анткени жок болуп кетпеши керек. Уруктар көбөйүшү зарыл. Бул боюнча министрлик карап берсе, жумуштар болот. Азыр бизден Индияга чейин экспорттолууда. Өзбекстан аркылуу Бишкектен нары чет жактарга чыгып жатат», - деген Пирматов.
Кыргызстандын аймагында ферула суу жетпеген кайрак жерлерде көп кездешет. Интернеттеги ачык маалыматтарда караганда, бул чөптөн дары жасалат. Анын 1 килограммы 100 доллардан өйдө бааланат. Дүйнөлүк базарда бул чөпкө суроо-талап жогору экени айтылат.
Чайыр — чатыр гүлдүүлөр тукумундагы өсүмдүктүн уруусу. Көп жылдык чөп. Тамыры ар түрдүү жоондукта, тик ылдый өсөт, айрымдарынын диаметри 10-20 смга жетет. Сабагы 100-180 см болот. Мөмөсү жалпак эки кутучадан турат. Анын бардык түрүндө чайыр заты бар. Майда болуп өскөн түрлөрүн мал оттойт, бирок уругуна алар ууланышы мүмкүн. Эл арасында айрым түрү Кугистан чайыры, Фергана чайыры дарылыкка (ашказан, жараат ооруларына) колдонулат. Жер жүзүндө 130дан ашык түрү, Кыргызстанда 35тен ашуун түрү белгилүү. Алар өрөөндөн тартып, бийик тоолорго чейинки өсүмдүктүүлүктүн бардык курамында кездешет.