Turmush — Быйыл жыл башынан бери Жалал-Абад облусунун аймагында 77 жол-транспорт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 3-апрелде өткөн «Жол тартиби, коом тартиби» аталышындагы форумда айтылды.
Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, Манас шаарындагы Б.Алыкулов атындагы драма театрында уюштурулган иш-чарага президенттин облустагы өкүлүнүн орун басары Уларбек Исмаилов, Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Марлис Асанов, Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Манас Сыдыгалиев жана мекеме-ишканалардын жетекчилери, студенттер, окуучулар, ата-энелер катышты.
Иш-чара жол кырсыктарынын санын азайтуу жана болтурбоо максатында уюштурулду. Анын жүрүшүндө жол тескөөчүлөр келген конокторго жол кыймылынын эрежелери жазылган китеп таркатып, маалымат беришти.
Анда белгилүү болгондой, 2026-жылдын алгачкы эки айында 15 рейд өткөрүлүп, 22 миң 797 айдоочуга протокол түзүлгөн жана мас абалда унаа башкарган 490 айдоочу аныкталган.
Жыл башынан бери облуста 77 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 14 адам каза болуп, 119 адам жаракат алган. Жаш өспүрүмдөр катышкан 20 кырсыктын кесепетинен 1 өспүрүм каза болуп, 22си жаракат алган. Айдоочулук күбөлүгү жок жарандар тарабынан 11 жол кырсыгы катталып, 17 адам жабыркаган.
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесине (автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) ылайык, жол кырсыгынын оордугуна жараша айып пул салуу же 10 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.