Turmush — Чүй облусунун Сокулук району боюнча 2 окуучу республикалык олимпиаданын 4-этабында байгелүү орундарды алышты. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнөн билдиришти.
Байгелүү орун алган окуучулар:
- Алыбаев Асхат Муратбекович («Силк Вей» эл аралык мектеби) — биология сабагы боюнча III орун;
- Абдикаримова Раяна Шекербековна (Иманалы Айдарбеков атындагы жалпы билим берүү мектеби) — V орун.
Олимпиаданын райондук 2-этабына 924 окуучу катышкан. Андан кийин облустук этабга 35 окуучу катышты. Анын ичинен 8 окуучу 1-2-3-орундарга ээ болушкан. 1-2-орунду алган 4 окуучу республикалык олимпиадага катышты.
Байгелүү орун алган окуучулар жана алардын мугалимдери сыйланды.