Turmush — «Жалал-Абад» санаториясына 2025-жылы 13 миңден ашуун эс алуучу келди. Мекеменин бюджети 2024-жылы 140 млн сом, 2025-жылы 180 млн сомго чыкты. Бул каражаттан мекеменин таза кирешеси 40 миллион сомго жетип, кайра эле эс алуучулар үчүн шарт түзүлдү.
Курорттун өзгөчөлүгү — минералдык суу менен баткак. Маселен, дарылык касиети бар баткак ар 3-4 жылда казып алынып, тазаланып, 1-2 жыл минералдык сууга бышырылып алган соң кайнатылып, стерилизациядан өткөрүлүп, пайдаланууга берилет. Курорттук зонанын уникалдуулугун түзгөн баткак менен суусундагы өзгөчөлүк, даярдоо ыкмаларын Turmush басылмасынын кабарчысы жеринен көрүп келди.
Санаториядагы алгачкы корпустар 1954-1968-жылдары салынган. 1964-жылдары булактардагы сууларды скважина аркылуу чыгаруу жумуштары жүргөн. Андагы аймакта 8 скважина бар, төртөө иштесе, калганы запаста турат. Курорт аймагына жакын жайгашкан элге, эс алуучуларга азырынча 4 скважинанын суусу жетет. 159 метр тереңдиктен тартылып, секундасына 3-5 литрден суу чыгат.
Жашартуучу гормон бар
Курортто 20 ванна жана 24 кушетка орнотулган суу-баткак менен дарылоо жайы бар. Бейтаптар минералдуу ванналарга, дарылык душтарга түшүп, баткак менен дарылоо процедураларын алышат. «Жалал-Абад» санаториясынын жетекчисинин орун басары Оморбек Курманкулов бул жердеги ылай адамды жашартуучу касиетке ээ экенин белгиледи.
«Санаториянын дарыланууга пайдалануучу балчык талаасы 4 гектар жер аянтын ээлейт. Жалпы эсеп менен 25 миң куб метр ылай бар. Балчык талаалардын тереңдиги 13 метрге чейин десе болот. Ылайдын курманыда адамдын жүзүндөгү бырыштарды жазуучу, мындайча айтканда жашартуучу гормон бар. Азыр баарыбыз табигый дарыланууга өтүп калдык. Биздин ылайды пайдалануу да эң сонун натыйжа берет дегим келет.
Биздин аймакта бир топ булактар бар. Кызыктуусу, булактардын суусу сыртка агып кетпейт. Булактарыбыздан суу чыгат, кайра эле өзүнө сиңе берет. Элге колдонулган ылайды болсо көпчүлүк казып алып эле пайдалана беришет деп ойлошот. 3-4 жылда бир баткакты казып алып, электен өткөрүп, таштарын, тамырларын тазалап, атайын даярдалган кампаларга төгөбүз. Анан ага минералдык сууларды куюп коебуз. Минералдык суу аралашкан ылай 1 жылда бышат, күчүнө кирет. Анан ал ылай кайнатылып, андан соң стерилизациядан өтүп, пайдаланууга берилет. Башка жакта ылайы жакшы экен деп эле денелерине шыбап алгандар болот. Тазаланбаган ылайдын курамы териге тескери зыянын берип коюшу мүмкүн. Ошол үчүн талаптагыдай тазаланып, кайнатылган ылайды колдонууга чакырат элем. Бизде иштетилген ылай 2 чуңкурга түшөт. Тунган суу саркынды сууга кетет. Ылай кайра эле өзүбүздүн аймактагы чуңкурга төгүлөт», - дейт ал.
Дарылык касиети бар суу
Дарылык суу иретинде «Кыз-Булак» булагы, ал эми суу процедуралары үчүн «Жаңы-Булак», «Ак-Булак» булактары пайдаланылат. Миңдеген жарандар курортту айланып, атайын суусун алып кеткени келишет. Атайын сууга келгендердин агымы эске алынып, суу ичүүчү жайдын имараты былтыркы жылы капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, атайын маалымат тактайчалары илинди.
Минералдуу суулар курамы боюнча термалдык азоттуу аз минералдашкан, хлориддүү-гидрокарбонаттуу-сульфаттуу, магний-кальций-натрийлүү, кремний кислотасы көп (30-35 мг/л) щелочтуулугу аз суулар, микроэлементтердин көп түрлөрүн камтыйт.
Бул жерде иштеген дарыгер Дамира Жолдошеванын айтымында, келген эс алуучуларга анализдерине, анан оозеки айткандарына таянып, кайсыл булактын суусун ичүү керектигин жазып беришет.
«Өлкөдө ашказан, ичеги-карын ооруларын дарылоодо эң натыйжалуу дарылоо биздин санаторияда десем болот. Бөйрөк ооруларына, гинекологиялык, урологиялык ооруларга да жакшы жардам берет. Суунун курамы адамзатка эң керектүү болгон витаминдерге өтө бай. Суунун курамы, пайдалуулугу союз мезгилинде изилденип, илимий далилденген. Бул жерде жатып дарыланып, эң сонун натыйжага жеткен эс алуучулар абдан көп. Өзүмдүн туугандарымдан деле бул жерге келип дарыланган соң ашказанындагы жарасы жок болгон мисалдар бар. Ашказан жарасынан жабыркагандарга натыйжа берген фактылар арбын. Дарыланууга келгендеги ашказан абалын адегенде тартып, бизден чыккандан кийинки абалы боюнча кайрадан түшүп көрүп, рахмат айтып кеткендер болот. Бизге дарыланганы келген эс алуучунун анализдерине карап, №1 же №5 булактан суу ичерин өзүбүз жазып беребиз. Сырттан келгендер үчүн да суу ичүүнүн тартиби жазылган», - дейт ал.
Эс алуучуларга түзүлгөн шарт
«Жалал-Абад» санаториясынын жетекчиси Рамиз Каимовдун айтымында, санаторияга келген эс алуучулардын эсебинен түшкөн каражаттар, кайра эле шарт түзүүгө жумшалып жатат.
«Былтыркы жылы минерал суусу аралашкан бассейинди пайдаланууга бердик, сезон мезгилинде 2 миллион сом кирешеге кирди. Кирешелүү тармак болду. А-фрейм типтеги 4 үй курсак, былтыр дагы экөөнү коштурдук. Анткени элдин бул типтеги эс алуу үйлөрүнө болгон талап бар. Буга чейин салынган коттедждердин чыгымы өзүн-өзү актап, киреше түшүп баштады.
1980-жылдан бери санатория айланасын асфальттоо болгон эмес экен. Былтыркы жылы ички жолдордун 80 пайызына асфальт басылды. Азыркы тапта 3 кабаттуу эски жатаканабызды имаратын капиталдык оңдоодон өткөрүп жатабыз. Анда ар бир кабатында жалпы ажаткана, жуунучу жай болчу. Азыр ар бир бөлмө ажаткана, жуунучу жайы менен оңдолууда. Имараттын жарымы эс алуучулар үчүн пайдаланылат, жарымын мейманкана катары иштетебиз. Май айына бүтүп калат», - дейт Каимов.
«Жалал-Абад» санаториясынын ылайы менен суусун пайдалануу 1887-жылдардан башталганы ачык булактарда айтылып келет. Мындагы мекемеде 140тан ашуун кызматкер эмгектенет. Бальнеологиялык-баткактуу климаттык курорт-санаторий катары эсептелет.