Turmush — Баткен облусунда 46 миң 745 гектар жер айдоо пландалып, 26 миң 812 гектары айдалып, пландын 58% аткарылды. Бул тууралуу облустук бийликтен билдиришти.
Маалыматка караганда, облуста 19 миң 840 гектар жерге жаздык дан эгиндерин себүү пландалса, бүгүнкү күнгө карата 13 миң 820 гектарга эгин себилди. Анын ичинде 5 миң 833 гектарга буудай жана 7 миң 987 гектарга арпа эгилди. Үрөн менен камсыздоо үчүн 3 миң 446 тоннанын 3 миң 327 тоннасы топтолду.
Лейлек районунда 14 миң 745 гектарга пландалган эгиндин 11 миң 913,9 гектары себилди.