Turmush — Ош облусунун Өзгөн районунун Өзгөн шаарында ишкер үйүн жана тез татым жайын өз билемдик менен канализацияга туташтырып алган. Бул тууралуу Turmush басылмасына «Өзгөн таза суу» муниципалдык ишканасынын башчысы Искендер Бакасов билдирди.
Анын айтымында, Өзгөн шаарында 15-марттан тартып мыйзамсыз канализациянын түтүгүн улап алгандарга карата рейддер жүрүүдө.
«Баарыңыздарга маалым болгондой, Өзгөн шаарында саркынды сууну тазалоочу станция иштеп баштаган. Шаардагы социалдык объекттер, көп кабаттуу үйлөрдүн баары туташтырылган. Эми бардык шаар тургундарына туташуу боюнча түшүндүрүү иштерин алып барып жатабыз.
15-марттан тарта атайын өз билемдик менен туташып алгандарга карата рейд жүрүүдө. Рейддин алкагында шаардагы ишкер «Шедевр» тез татым жайын, үйүн кошуп мыйзамсыз канализацияга улап алганы аныкталган. Мындан улам биз эскертүү берип, келишим түзүп, улантса боло турганын айттык.
Бизде саркынды сууга карата тариф бекитиле элек. Тарифтер аныкталгандан соң акт түзүп, айып пул салабыз. Бардык жашоочулар үйлөрүн улай алышат. Бул боюнча дагы жашоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз», - деди Бакасов.
------------------------------------------------------------------------
Turmush 2025-жылдын 11-ноябрында Өзгөн районунун Баш-Дөбө айыл аймагындагы Кош-Коргон айылынын Бак участкасында курулган саркынды сууну тазалоочу станция расмий түрдө пайдаланууга берилгенин жазган.
Маалым болгондой, жалпы аянты 4,71 гектар аянтка курулган саркынды сууну тазалоочу комплекс толугу менен курулуп, административдик имарат, алдын алуу жана биологиялык тазалоо курулуштары салынып, керектүү жабдыктар орнотулду. Долбоор 2024-жылы башталып, жалпы сметалык наркы 2 млн 502 миң 634 еврону түзөт.
Анын ичинен:
• 1 млн 752 261 евро — гранттык каражат;
• 750 миң 373 евро — кредиттик каражат.
Каржылоо Европа өнүктүрүү банкы тарабынан жүргүзүлгөн.
Жаңы станция биринчи этапта суткасына 2000 метр куб саркынды сууну тазалоого жөндөмдүү болуп, болжол менен 10-13 миң абонентти тейлейт.
Станциянын ишке берилиши менен 7 мектеп, 7 бакча, көп кабаттуу үйлөр, социалдык объектилер системага кошулду.