Turmush —
Айтматов районундагы «Кара-Буура» мамлекеттик жаратылыш паркынын Бабахан аймагында 6,4 гектар аянтка питомник уюштурулуп, көчөт отургузуу иштери жүргүзүлүүдө.
Маалым болгондой, жалпы 13 миңден ашык көчөт отургузулуп, аймактын экосистемасын сактоо жана токой ресурстарын көбөйтүү пландалып жатат. Бул иштер жаратылыш паркынын биоартүркүндүүлүгүн сактоого жана экологиялык абалды жакшыртууга багытталган.
Отургузуу пландалган көчөттөр:
• ак кайың — 10 миң даана;
• колоновиддүү туя — 2 миң даана;
• көк карагай — 1 миң даана