Turmush — Ош облусунда жашы жете элек кыздын тишин дарылоого байланышкан окуя боюнча текшерүү жүрүп жатат. Бул тууралуу Turmush басылмасына Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2026-жылдын 25-март күнү Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнө 1974-жылы туулган М.М. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал өз арызында 2026-жылдын 19-март күнү Ноокат шаарындагы тиш дарылоочу жайлардын бирине 2008-жылы туулган кызы Т.Б.ны алып барганын билдирген. Анын айтымында, медицина кызматкери тийиштүү деңгээлде жардам көрсөтпөгөндүктөн, кыздын тиши шишип, ириңдеп кеткен.
Кийинчерээк алар Ош шаарындагы облустук ооруканага кайрылып, ал жерде кызга операция жасалган. Жаран аталган тиш дарыгерине карата мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган. Бул факт каттоого алынып, тиешелүү текшерүү иштери башталган.
Учурда окуя боюнча медициналык комиссия түзүлүп, соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
«Ошондой эле милиция кызматкерлери тарабынан жарандар арасында так маалымат берүү жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Тергөө амалдары уланууда. Экспертизанын жыйынтыгы жана комиссиянын корутундусунун негизинде окуяга юридикалык баа берилет», - деп айтылат маалыматта.