Turmush — Айтматов районунда жырткыч жаныбарлардын санын жөнгө салуу боюнча иш-чаралардын алкагында райондук комиссия тарабынан кезектеги кабыл алуу өткөрүлдү.
Маалым болгондой, анын жүрүшүндө мергенчилер тарабынан атылган карышкырлар менен чөөлөрдүн терилери кабыл алынды. Аталган иш-чара өкмөттүн 2016-жылдын 26-февралындагы №89 «Карышкырлардын жана чөөлөрдүн санын жөнгө салуу жөнүндө» токтомуна ылайык жүргүзүлүүдө.
Жыл башынан бери район боюнча 9 карышкыр, 101 чөө жок кылынды.