Turmush — Кечээ, 2-апрелде Токмок шаарында 2 жеӊил унаа кагышты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жүргүнчүлөрдүн бири билдирди.
Маалыматка караганда, кырсык саат 11:00 чамасында болгон.
«Мен жолдошум менен такси менен келип, жеткен жерибизде түштүк. Биз түшөрүбүз менен такси айдоочусу айланып, бурулуп жаткан маалда катуу ылдамдык менен келген «Киа К7» үлгүсүндөгү унаа сүздү. Кудай сактады, эгер биз түшө электе унаа сүзгөндө, эмне болмок билбейбиз? Таксинин айдоочусу жабыркады», - деди ал.