Turmush — Ош облусунун Өзгөн районунда интернет алдамчылыгы боюнча дроппер кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2026-жылдын 21-январь күнү Өзгөн РИИБге 1986-жылы туулган С.С. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда социалдык тармактан белгисиз атуулдар алдоо жолу анын менен ишеничине кирип, үй эмеректерин буюртма бердиртип, 20 миң сомдон ашык акчасын которттуруп алганын билдирген.
Аталган факт каттого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
Чогултулган материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 209/1-беренеси (электрондук төлөм каражаттарын, виртуалдык актив капчыгын жана SIM-карталарды үчүнчү жактарга атайылап берүү же сатуу) боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам тергөө амалдары башталган.
Өзгөн РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери жүргүзгөн ыкчам иш-чаралардын негизинде шектүү катары 2002-жылы туулган З.О. аттуу жаран кармалып, тергөө кызматына жеткирилди.
Учурда тергөө амалдары уланууда.
- Дроппер — бул өзүнүн банк карталарын, электрондук капчыктарын, SIM-карталарын, паспорттук маалыматын же эсеп реквизиттерин кылмышкерлерге уурдалган акчаны накталаштырууга же которууга берүүчү адам.