Turmush — 2026-жылдын 25-26-март күндөрү Бишкек шаарындагы Раатбек Санатбаев атындагы Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинде күрөш боюнча кыздар арасында (U-15) Кыргызстандын биринчилиги өттү.
Биринчиликте өлкөнүн бардык аймактарынан 200 балбан күч сынашты. Ал эми Чүй облусунун Жайыл районунун атынан катышкан спортчу кыздар байгелүү орундарды алды.
Алар:
- 43 кг салмакка чейинкилер арасында — Доктурбекова Аяна 3-орун (Эриктүү айылы, машыктыруучу Замирбек Бадакеев);
- 46 кг салмакка чейинкилер арасында — Окенова Айкыз 3-орун (Жекен айылы, машыктыруучу Каныбек Жанысаков).
Жеңүүчүлөр диплом жана медалдар менен сыйланды.