Turmush — Баткен районунун Чоң-Талаа айылынын тургуну Насиба Топчиева тигүүчү машинкаларды оңдоп иштеп келет. Аймактык кабарчы чебер айымдан кабар алды.
Маалыматка караганда, кийим тиккен машинкасы бузулган сайын уста издеп чарчагандыктан өзү борборго барып окуп келүүнү туура көргөн. Бул кесип менен алектенгенине 6 жылдын жүзү болду. Азыркы учурда тигүүчүлөр да көбөйүп машинкага болгон суроо-талап көбөйгөндүктөн, жаңы машинкаларды сатууну да колго алган.
«Бир күндө 1 машинка сатсам, 3 машинка чейин оңдогонго жетишем. Лейлек жана Кадамжай райондорунан да кардарлар келип турат. Ар бир сатылган машинкага 2 жылдык кепилдик берилип, ал арада бузулган машиналарды акысыз оңдоп берет. Заман талабына ылайыктуу жаңы машинкалар чыгып турганына байланыштуу билимимди жыл сайын жаңылатып турам.
Ар бир иштин өзүнүн кыйынчылыгы, жеңилдиги болгон сыяктуу бул кесип да өзүнүн түйшүгү бар. Бир машинанын салмагы 20 килограммдан жогору. Мисалы кардарым машинасын алып келгенде, аны оңдоп жатканда, кайра жүктөп жөнөткөндө көтөрүп жылдыруу оор болот. Ошондой эле эл менен тил табышып иштешиш да азыркы заманда оор болуп калды», - деди Топчуева.
Каарманыбыз азыр эми шакирттерди чыгарууда.
«Акыркы 6-7 жылдан бери машина оңдоп устачылыкты колго алдым. Ага чейин тигүүчү болгом. Азыр да кыздарды окутам. Негизи техникага жакынмын. Апам да тигүүчү болгон. Бирок техниканы түшүнчү эмес. Башта баары таң калып карашчу. Анткени усталар көбүнчө эркек кишилер болот эмеспи. Анан бир чети аялдарга жакшы оңдоткону келип жанымда отуруп кетишет. Эгер эркек киши болсо тартынышат да. Кенен-кесир үйлөрүнө чакырып оңдотушат. Мугалим болсом да болот, технологмун. Керектүү тетиктерди «Кара-Суу» базарынан же Бишкектен алдырам», - деди ал.
Насиба Топчиева сүйүктүү жар, 3 кыз, 3 уулдун мээримдүү энеси. «Эне даңкы» медалынын ээси.