Turmush — Баткендиктер өрүктүн мөмөсүнөн сырткары данегинен упа, токоч жана май өндүрүп келишсе, эми анын гүлүнөн да чай даярдап чыгышты. Бир жылдык изилдөөдөн кийин чайдын бул түрү таңгакталып, сатыкка чыкты. Аны Баткен районунун Орто-Боз айылынын кыз-келиндери даярдап жатышат.
Орто-Боз айылынын тургуну Аширгүл Давбекованын айтымында, бул иш жапониялык айымдын сунушу менен башталган.
«Чайды быйыл эки айдан бери даярдап жатабыз. Былтыр жапониялык бир аял өрүктү изилдеп жүрүп мага жолугуп калып, ушул сунушту айткан. Бул жактан өрүктүн гүлүн алып кетип, бир жылдык изилдөөдөн кийин бизге кайра сунуштады. Биз макул болуп, иштеп баштадык.
Бул чай бир эле өрүктүн гүлүнөн турбайт. Курамында аралашмалар бар. Мисалы, ит мурундун эки түрү, өрүктүн да эки түрүнүн гүлү жана башка кошулмалар колдонулат. Гүлдөрдү эрте жазда, толук ачылып кете электе терип алабыз. Эгер гүл толук ачылып калса, бүчүр бойдон болсо же жерге түшүп калса, жараксыз болуп калат. Атайын кургатууга ылайык келбеген өрүктүн сортунун гүлүн алабыз.
Быйыл бир жылга жете турган көлөмдө терип алдык. Аны күнгө кургатып, андан кийин өлчөмү менен даярдап, таңгактайбыз. Бул чайды дары катары да, күнүмдүк суусундук катары да колдонууга болот. Дарылык касиети боюнча өрүктө кандай витаминдер болсо, анын баары ушул гүлүндө да микроэлементтер катары болот экен. Ал жүрөккө жана кан тамырларга пайдалуу. Өрүктү жүрөккө даба деп айтып жүрүшпөйбү.
Азырынча айылдагы 5-6 келин иштеп жатабыз. Бизде кургатуучу жана сактоочу атайын жабдуулар бар. Кийинчерээк өрүктү да кургатабыз. Андан тышкары, данегин чагып, таңгактап чыгаруу боюнча дагы долбоор жаздык. Алдыда пландарыбыз көп. Эгер кызыккандар болсо, тобубуз дагы кеңейет», - деди Аширгүл Давбекова.