Turmush — Ысык-Көл облусунун Түп районунун Сан-Таш (№3 ферма) айылынын тургуну Сыдырым Ажүмидинова Ж.Асылбаев атындагы мектепте мугалим болуп эмгектенет. Ал эки жолу чет өлкөдө эмгектенип, агартуучулукту тандаганын Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде айтып берди.
Каарманыбыз жолдошу менен чет өлкөдө таанышкан. Анын айтымында, 1993-жылы Нарын облусунун Нарын районуна караштуу 8-март айылында төрөлгөн. Үй-бүлөдө 5 бир туугандын экинчиси.
«М.Осмонов атындагы жалпы билим берүү мектебин 2011-жылы аяктап, Нарын мамлекеттик университетине англис тили, адабияты боюнча мугалимдик кесипке тапшырып, 2015-жылы бакалаврды аяктадым. Эң алгачкы эмгек тажрыйбамды Куланак айылындагы кесиптик лицейде чет тилчи мугалимдиктен баштап, 3 жылдай эмгектендим. Ага утурлай эле Бишкек шаарындагы №32 мектепте мугалим болдум.
2018-жылы айлык маянанын аздыгынан Дубай шаарына эмгектенгени баргам. Ал жакта аба ырайы ысык болгондуктан климаты ден соолугума жакпай, 4 айдан кийин келип, Нарындын Таш-Булак айылында 1 жыл мектепте иштедим.
Ошентип 2020-жылы Москвага жол тартып, 3 жылдай заводдо иштеп, өмүрлүк жолдошум менен тааныштым. Экөөбүз тең агартуу тармагынын өкүлү болуп чыктык. Тез эле тил табышып, үй-бүлө куруп, учурда Сан-Таш айылында жашап жатабыз. Жолдошум кыргыз тил, кыргыз адабияты сабагынан, мен чет тилге орун жок орус тил, орус адабияты сабагынан мугалим болуп, Ж.Асылбаев атындагы жалпы билим берүү мектебинде эмгектенип келе жатабыз. Үй-бүлөдө бир уул, бир кызды тарбиялоодобуз», - деди ал.
Сыдырым Ажүмидинова көпчүлүктү кызыктырган өзгөчө ысымын атасы ыйгарганын айтат.
«Мейли Кыргызстанда болобу, мейли чет өлкөдө болобу ар дайым тааныш адамдар ысымыма кызыгып, чечмелөө боюнча эң көп суроо узатат. "Сыдырым жөн гана бетке жумшак урунган мээлүн жел" деп гана жооп берип кутулам. Ал эми чыныгы маанисин ыраматылык атамдан сурагам. Көрсө, мен төрөлгөн жылы айылда Сыдырым деген күлүк ат өтө таанымал болуп, атагы алыска тараган экен. Атам жылкы жандыгына жакын болуп, күлүк таптоого кызыккандан улам кызымдын жолу ачык, ар тараптуу ийгиликтүү болсун деп ушул ысымды ырым кылып ыйгарган экен», - деди ал.
Учурда С.Ажымүдүнова К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде орус тил жана орус адабияты адистиги боюнча кошумча билим алууда. Эң негизгиси мугалимдик кесипти өз каалоосу менен тандап, агартуу тармагынан баар таап жатканын кошумчалады.
«Мугалим болуу өзүм сүйүп тандаган кесиптин бири десем жаңылышайм. "Билим алуу ийне менен кудук казгандай" дегендей, ар дайым окуучуларды шыктандырып, өзүмө да кесипкөй болууга багыт алып, ар тараптуу изденем. Өмүрлүк жолдошум да мугалим болгондуктан менин аракетиме салым кошуп, ар тараптуу колдоп турууга даяр болуп келет. Өзүм чет тилчи мугалим болсом, эми орус тил жана орус адабияты сабагынан 2024-2025-окуу жылынан тарта сырттан окуу бөлүмүндө кошумча билим алып жатам.
Бул кесибимдин аркасы менен көптөгөн сынактарга катышып, күчүмдү сынап келе жатам. Өткөн жылы долбоордун негизинде бир аптага Россияга барып, тажрыйба топтоп келдим. Быйыл болсо Казакстанда уюштурулган КМШ өлкөлөр арасында магистранттар арасында эл аралык сынакка катышып, биринчи орунга ээ болуп, Астанага барып келдим. Келечекте кесибимди ийгиликтүү улантып, билимдүү окуучуларды тарбиялап чыгууга бел байлам», - деп сөзүн жыйынтыктады.