Turmush — Чүй облусунун Москва районундагы таштанды полигонунан чыккан түтүн айыл тургундарын тынчсыздандырууда. Бул боюнча “Таза-Нарзан” муниципалдык ишканасынын директору Кадырбек уулу Эрмек өрттүн чыгыш себебин түшүндүрдү.
Анын айтымында, Нарзан айыл аймагына караштуу Беловодск айылында жайгашкан таштанды полигонунда жыл сайын өрт чыгып, жергиликтүү тургундарга көйгөй жаралып келет. Өрт коопсуздугунун алдын алуу боюнча иштер да үзгүлтүксүз жүргүзүлүп турат.
«30-март күнү эл өкүлдөрү жана тиешелүү министрликтин кызматкерлери менен бирге көйгөй жаратып жаткан полигон жеринде каралып, сунуштар айтылып, тапшырмалар берилген. Учурда атайын техникалар таштандынын үстүн жаап жатат. Адистердин айтымында, топтолгон таштанды ордунан козголгондо анын арасына кычкылтек кирип, натыйжада аз өлчөмдө түтүн чыгып, өрт тутанышы мүмкүн. Учурда муниципалдык ишкананын кызматкерлери өрттү өчүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. Айрым кызыкдар тараптар ошол учурду видеого тартып, социалдык тармактарга таратып жатышат», — деди ал.
Ошондой эле директор жергиликтүү тургундарды сабырдуулукка чакырып, жүргүзүлүп жаткан иштерге тоскоол болбой, тескерисинче колдоо көрсөтүүгө үндөдү.
«Кара түтүндүн арасында иштеп жаткан адамдарга ыраазычылык гана билдиришибиз керек. Жакынкы күндөрү полигондун үстү толук жабылып, көйгөй чечилет. Азыркы учурда алоолоп күйгөн өрт да, каптаган коюу түтүн да жок», — деди Кадырбек уулу Эрмек.