Turmush — Жалал-Абад облусунда экспресс тесттердин жардамында адамдардын ВИЧ статусу аныкталууда. Бул туралуу облустук кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусунун көзөмөлдөө борборунун директору Элмира Сатарова билдирди.
Маалым болгондой, жыл башынан бери адистер тарабынан 1481 жаран текшерүүдөн өтүп, алардын ичинен илдетке чалдыккан 7 учур аныкталган.
«Быйыл жыл башынан бери эл аралык уюмдардын колдоосу менен коомчулукта жарандар ВИЧ статусун аныктап, илдетти жугузуп алса, анын эртерээк дарылоо максатында биздин кызматкерлер эл көп чогулган жайларда экспресс-тесттин жардамы менен ооруну аныктап жатышат. Бүгүнкү күнгө чейин 1481 жаран текшерүүдөн өттү. Алардын ичинен 154 интимдик кызмат көрсөткөндөр, 74ү каттоого алынып, наркотикалык каражаттарга байлангандар. 1251 киши бул жалпы эле жарандар. Тилекке каршы алардын ичинен 7 кишиден илдет аныкталды. Аларды каттоого алып, кайрадан анализ тапшырттык. Мындай текшерүүлөр алдыда дагы жүргүзүлөт», - деди Сатарова.
Дүйнө жүзүндө ВИЧ илдетин жуктуруп алгандардын саны 60 миллионго жетти. Бул оорудан каза болгондордун саны 25 миллиондон ашты жана жыл сайын 2 миллионго жакын киши бул инфекцияны жуктуруп алышат. Көптөгөн профилактикалык иштердин натыйжасында оорунун өсүү темпи азайганы байкалат. Бирок Чыгыш Европа, Борбордук Азия өлкөлөрүндө ВИЧ илдетинин өсүү темпи жогору бойдон калууда.
Кыргызстанда ВИЧ илдетине чалдыккандардын саны 14714 кишиге жетти. Алардын ичинен:
- Чүй облусунда – 3557 киши;
- Бишкек шаарында – 4269 киши;
- Ош облусунда – 2124 киши;
- Ош шаарында – 1497 киши;
- Жалал-Абад облусунда – 1710 киши;
- Баткен облусунда – 393 киши;
- Ысык-Көл облусунда – 614 киши;
- Нарын облусунда – 316 киши;
- Талас облусунда – 234 киши.
ВИЧке чалдыгуу учурлары облустун бардык район, шаарларында катталган. Айрыкча Жалал-Абад, Сузак, Базар-Коргон, Ноокен, Ала-Бука, Аксы райондорунда көбүрөөк тараганы байкалууда. ВИЧке чалдыккандардын 55,8% эркектер, 45,2% аялдар түзөт жана 69,3 % учурлары 25-49 жаш курактагы адамдардан аныкталган. ВИЧ илдетинин жугуу жолу илимде так аныкталган.
Илдетти жуктуруп алуунун 3 жолу бар:
1. Кан аркылуу;
2. Корголбогон (презервативсиз)жыныстык байланышта сперма, жатын суюктугу аркылуу;
3. АИВ (ВИЧ) жугузуп алган энеден балага кош бойлуу мезгилинде төрөт учурунда жана эмчек эмизгенде.