Turmush — Бүгүн, 2-апрелде Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында мектеп окуучуларынын арасында «Балдар зордук-зомбулукка каршы» аталышындагы спорттук иш-чаранын расмий ачылышы өттү.
Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, мелдеш Каракол шаардык мэриясы жана Каракол шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан уюштурулууда.
Спорттук иш-чарада ар бир мектептен куралган командалар ат салышат. Анын алкагында эркек балдар арасында футбол, ал эми кыздар арасында волейбол боюнча таймаштар уюштурулат.
Иш-чаранын негизги максаты — өспүрүмдөрдү сергек жашоого үндөө, алардын арасындагы достукту жана ынтымакты бекемдөө, ошондой эле кылмыштуулуктун жана зордук-зомбулуктун алдын алуу.