Turmush — Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын 56 жаштагы тургуну Гүлжан Бердимуратова 30 жылдан бери билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенип, улуттук баалуулуктарды, каада-салт, үрп-адатты жана маданиятты аздектеп келет. Ал бул баалуулуктардын муундан-муунга өтүшүнө өз салымын кошуп, жаш муунду тарбиялоодо талыкпай эмгектенип жүргөнүн Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде айтып берди.
Каарманыбыз кайсы гана жерде болбосун кыргыз элинин улуттук кийимдерин кийип, чет өлкөлөргө чыккан учурда башка улут өкүлдөрүнө кыргыздын маданияты менен тарыхын тааныштырып, аларды кызыктырып келет.
Гүлжан Бердимуратова 1970-жылдын 5-сентябрында туулган. Жогорку билимдүү, математика жана эсептөө техникасы мугалими. Ал Фрунзе шаарындагы Маяковский атындагы кыз-келиндер педагогикалык институтун 1992-жылы ийгиликтүү аяктаган.
Гүлжан айым Нооруз майрамы жана сүмөлөк жасоо жөрөлгөсү тууралуу айтып берди. Анын айтымында, Нооруз — жаңылануунун, жаратылыштын жанданышынын жана берекенин майрамы. Нооруз кыргыз элинде жаңы жылдын башталышы катары өзгөчө урмат менен майрамдалып келген. Бул күн ар бир үйгө үмүт, береке жана жакшылыктын жарчысы болуп саналат. Ал Нооруз майрамындагы эң негизги жана касиеттүү тамактардын бири сүмөлөк экенин белгиледи.
«Ноорузга арналган улуттук тамак-аштардын ичинен эң сыйлуусу жана касиеттүүсү — сүмөлөк менен чоң көжө. Бүгүнкү күндө да бул салт улантылып, эл буудай өндүрүп, сүмөлөк даярдоого өзгөчө кам көрөт.
Быйыл Нооруз майрамына карата 10 кг буудайды жууп-тазалап, астына актык төшөп, элиме-жериме тынччылык, аманчылык, токчулук, молчулук тилеп уюттук. 6-7 күн бою күн сайын карап, суу куюп, мээрим менен өстүрдүк. Биздин Умай энебиз Эркайым Жолборсова болду.
Буудай жакшы өнүп, даяр болгондо ак элечекчен байбичелер чогулуп, куран окуп, тилек тиледик. Негедир бул тамакты ачканда, башкача айтканда сүмөлөктүн буудайын ачуу аземине эркектер кирбейт деп коюшат. Андан соң буудайды майдалагычтан өткөрүп, 3-4 жолу жууп, казанга салдык. Казанга түшкөндөн кийин сүмөлөк 14-25 саат бою кайнатылды. Таңкы саат 4-5тер чамасында дуба окулуп, элибизге-жерибизге тынчтык, өлкөбүзгө өсүп-өнүгүү тиленди.
Казандын түбүнө 9 таш салынып, сүмөлөк казанга түшкөнгө чейин 41 токоч кудай жолуна деп жасалды. Андан кийин сүмөлөк дагы 3-4 саат демделүүгө жабылды. Таң агара казан ачылып, кайрадан ак тилектер айтылып, сүмөлөк элге таркатылды», - деди ал.
Сүмөлөк убакыттын өтүшү менен Нооруз майрамындагы негизги салттуу тамакка айланып, берекенин жана биримдиктин символу болуп калды. Бүгүнкү күндө ал буудайдан алынган шире, ун, мейиз, өрүк сыяктуу азыктардан даярдалып, элге тартууланып келет.
Гүлжан Бердимуратова 30 жылдан ашуун убакыттан бери мугалимдик кесипти аркалап, жаш муундарды окутууда жана тарбиялоодо зор салым кошуп келет. Ал буга чейин Кара-Көл шаарындагы Балдар чыгармачылык үйүндө жетекчи болуп эмгектенген. Анын окуучулары шаардык, облустук, республикалык жана эл аралык сынактарда алдыңкы орундарды багындырып келишет.
Эмгегинин үзүрү катары ал Билим берүү жана илим министрлигинин «Билим берүүсүнүн мыктысы» төш белгиси, ошондой эле министрликтин жана жергиликтүү бийлик органдарынын көптөгөн ардак грамоталары менен сыйланган.
Ошондой эле, 2021-жылдын 1-февралында өткөн «Аялдар тилектештиги» курултайында «Саясаттагы аялдарга карата көрсөтүлгөн зордук-зомбулуктар» темасында спикер катары сүйлөгөн.