Turmush — Чүй облусунун Токмок шаарындагы спорт мектептин директору жана айрым окуучулардын ата-энелеринин ортосунда чыр чыкты. Бул тууралуу Turmush басылмасына күбөлөр билдирди.
Алардын айтымында, окуя 2026-жылдын 31-мартында спорт залдын ичинде болгон. Анда мектептин директору жана анын орун басары ата-энелер менен чырдашып кетишкен. Директордун орун басары ата-энелердин бирин көтөрүп чабууга аракет кылган. Бирок башка ата-энелер экөөнү бөлүштүрүп калышкан. Ата-энелер бул окуя боюнча прокуратурага кайрылышты.
Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы бул ишти прокуратура карап жатканын билдирди. Ал эми Токмок шаарынын мэриясы азырынча расмий жооп бере элек.
Айрым маалыматтар боюнча, ушундай эле окуя 2025-жылы да катталган. Анда жергиликтүү депутаттар бокс залдын абалын текшерип барганда директор менен кайым айтышуу болгон. Директор депутаттардын бирин көтөрүп чабууга аракет кылган. Бирок жанындагы депутаттар ага жол беришкен эмес.