Turmush — Баткен районунун Жаңы-Жер айылынын 21 жаштагы тургуну Бекмамат Абдыкадыров быйыл 30 тонна кулпунай түшүмүн алууну пландап жатат. Аймактык кабарчы дыйкандан кабар алды.
Өзүнүн айтымында, 1 гектардан ашуун аянттагы кулпунайлардын алды гүлүн төктү. 1 жума ичинде алгачкы тушүмдөрдү сатыкка алып чыгат. Учурда Баткенде кулпунайдын килограммы 1600 сомдон болуп жатат.
«Кулпунайды өстүрө баштаганыма 3 жыл болду. Биринчи жылы 6 сорт өстүрдүм. Экинчи жылы жакшы сортторун тандап алдым. Альба, априка сортун өстүрүп жатам. 25 сотых аянттагысын атайын кленка менен тосуп жылуу өстүрүп жатам. Азыр гүлүн таштап калды. Бир жума аралыгында бышат. Жалпы 1 гектардан ашык аянтка өстүргөм.
Болжолдуу 30 тонна түшүм алам деп турам. Былтыр 1 гектардан 18 тонна алганбыз. Анда бир аз тажрыйба жок болчу. Азыр дагы да тажрыйба, билим алдык. Ошого быйыл орточо 30 тоннаны пландап турабыз. Бул сорт жылына бир эле жолу эрте жазда түшүм берет. Апрелден майга чейин түшүм жыйнайбыз. Күнөсканада же жөн эле жерде өстүрсөң да болот. Буюрса эртерээк бышыралы деп кленка жаап койдум. Бул сырттагы кулпунайга караганда 10-15 күнгө эрте бышат.
Менин бул багытка кирип калганыма эжемдер түрткү болду. Аларга каралашып жүрүп мен да кызыгып калдым. Бишкекте окучумун. Анан 3 жыл мурда атамдын көзү өтүп айылга келип калдым. Эжем жездем кулпунай өстүрүшкөндүктөн менде да кызыгуу болуп, өстүрө баштадым. Азыр апам менен бирге ушул клубниканы карайбыз. Айылда көпчүлүк ушул багытка кызыгып иш башташты. Мен да 400миң сомго насыяга көчөт алып баштадым. 600-700 миң пайда көрүп карыздардан кутулдум. Кийинки жылы унаа алдым. Азыр үчүнчү жылы түшүм эми алабыз. Күнөсканага 300 миң сом сарптадым. Бул түшүм актайт.
Априка сорту Италиядан чыккан. Түшүмдүүлүк жылына бир жолу.ю бирок ошондо мол болот. Азыр орточо бир түптө 30-40 даана гүлү бар. Кыйынчылыгы муруттарын тазалап, чөптөрүн убагында отоп турпабыз. Назик болот. Оорулардан, жана аба ырайыдан коргоп карабаса бир күндө эле кур калуубуз мүмкүн.
Жылына көчөттү алмаштырабыз. Температура көтөрүлүп кетсе, кленканы ачып суук болуп кетсе жаап карайбыз. Тамчылатып сугаруу менен суу ичишет. 2-3 күндө бир суу берем. Азыр базар баасы 1600 сом. 10 күн ичинде биз да сатыкка чыгарабыз. Анда баа кандай болот билбейбиз. Жылда Казакстанга Россияга экспортко кетет. Атайын алуучулар фуралар менен келип жайынан алып кетишет. Бир бөлүгүн болсо Баткенде базарларга алып чыгабыз», - деди ал.
- Альба жана априка – эрте бышуучу, жогорку түшүмдүүлүгү, жемиштеринин тыгыздыгы жана туруктуулугу менен бааланган популярдуу италиялык кулпунай сорттору. Альба чоң, ачык кызыл конус сымал жемиштерди берет, эрте жыйноого ылайыктуу. Априка жогорку адаптациялуулугу, таттуулугу жана жакшы иммунитети менен айырмаланат.