Turmush — Кочкор районундагы Кум- Дөбө айылынын тургуну, «Ыйык мурас» тарыхый-маданий мурастарды коргоо коомдук ассоциациясынын төрагасы Кайырбек Конурбаев «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгиси менен сыйланды.
Маалым болгондой, сыйлыкты маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев тапшырып, Коңурбаевдин көп жылдык эмгеги, тарыхка болгон кызыгуусу жана маданий мурас объекттерин сактоого багытталган ишмердүүлүгү жогору бааланарын белгиледи.
Кайырбек Коңурбаев узак жылдардан бери Кочкор районуна караштуу Кум-Дөбө айылындагы археологиялык эстеликтерди изилдеп, тарыхый материалдарды чогултуу менен алектенип келет. Анын демилгеси менен уюштурулган үй музейде акыркы 30 жыл ичинде Кум-Дөбө айылынын аймагынан жана Кочкор-Башы чалдыбарынан табылган 300дөн ашык экспонат топтолгон. Кайырбек Конурбаев бул аймакта өз алдынча изилдөө жүргүзүп жер алдындагы байыркы шаарларды Суяб, Баласагын шаарлары деген пикирин билдирип келе жатат.
Өз кезегинде Кайырбек Коңурбаев Кум-Дөбө айылындагы тарыхый-маданий мурас объекттери XX кылымдын 60-жылдарында бузулганын жана аларды сактап калуу боюнча мамлекеттик музей куруу зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле ал келечекте мамлекеттик музей куруу максатында айылдын борборунда жайгашкан өзүнө тиешелүү 0,15 сотук жер тилкесин Маданият министрлигине акысыз берүүгө даяр экенин билдирди.
Кайырбек Конурбаев Кыргыз каганатынын борбору Кочкордо, Кочкордо Суяб, Кашгар жана Баласагын шаарлары болгон, кыргыз эли көчмөн болбой отурукташкан эл болгон, Махмуд Кашгари менен Жусуп Баласагын кочкорлук деген пикирде. Ал пикирин «Суяб-Ордокент-Кашгар, Баласагын» деген китебинде бир нече далилдерди келтирип жазган.