Turmush — Кемин шаарында Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунун боюнда жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн фасаддарын оңдоо жана жарыктандыруу иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, бул демилге район жетекчилиги тарабынан көтөрүлүп, шаарга кире бериш аймактын архитектуралык көрүнүшүн жакшыртып, түнкү убакта жол боюн жарык жана коопсуз кылууга багытталган. Ошондой эле шаарга келген коноктор үчүн Кемин шаарынын заманбап жана жагымдуу көрүнүшүн түзүүгө өбөлгө болот.
Мындан тышкары, жарыктандыруу үчүн орнотулган светодиоддук ленталар күн панелдери аркылуу иштеп, электр энергиясын үнөмдөөгө жана экологиялык жактан таза технологияларды колдонууга шарт түзөт.
Шаарды көрктүү, таза жана жарык кылуу багытындагы иштер этап-этабы менен улантылат.