Turmush — Нарын облусунун Жумгал районунун аймагында 6 айыл өкмөтү бар. Алардын көпчүлүгү дотацияда болсо, арасында бай айыл өкмөт аталгандар да жок эмес.
Turmush басылмасынын кабарчысы жергиликтүү бийликтин бюджети тууралуу маалымат топтоду. Айыл өкмөттөрдүн көпчүлүгү бюджеттерин жыл башында эле бекитип коюшса, айрымдары ушул кезге чейин бюджетин беките элек.
Жумгал айыл өкмөтү
Айыл өкмөттүн быйылкы жылкы бюджети 27 млн сом болуп бекисе, 2025-жылы 25,5 млн сом, 2024-жылы 23,9 млн сом болгон. Быйыл бюджет жыл башында эле бекитилген.
Кызарт айыл өкмөтү
Айыл өкмөттүн бюджети 2026-жылы 30 млн сом болуп бекисе, 2025-жылы 29,1 млн сом, 2024-жылы 27,6 млн сом, 2023-жылы 26,1 млн сом болгон. Бул жылдын бюджети жыл башында эле бекитилген.
Түгөл-Сай айыл өкмөтү
Айыл өкмөттүн бюджети 2026-жылга карата 21 млн сом болуп бекисе, 2025-жылга 20,9 млн сом, 2024-жылы 19,6 млн сом, 2023-жылы 19,3 млн сом болгон. Бюджет 2026-жылы 20-февралда бекитилген.
Миң-Куш айыл өкмөтү
Айыл өкмөттүн бюджети 2026-жылга карата 42,7 млн сом болуп бекип, дотациянын көлөмү 1,2% түздү. Ал эми 2025-жылы 42,2 млн сом болуп, дотациянын деңгээли 4,0% болгон. 2024-жылы бюджет 41,1 млн сомго бекип, дотациянын деңгээли 4,2%ды түзгөн. Быйылкы жылдын бюджети жыл башында эле бекитилген.
Байзак айыл өкмөтү
Айыл өкмөттүн бюджети 2026-жылы 77,4 млн сом болуп бекисе, 2025-жылы 79,4 млн сом болгон. Быйылкы бюджет март айынын аягында бекитилди.
Чаек айыл өкмөтү
Айыл өкмөттүн быйылкы бюджети ушул кезге чейин бекибей келет. Айылдык кеңештин депутаттарынан турган бюджет комитети улам алмаша берип, бюджет апрель айына чейин кечигүүдө. Быйылкы жылга бекиле турган бюджет болжол менен 71 млн сомду түзөт.
Чаек айыл өкмөтүндө бюджет 2025-жылы 59 млн сом болсо, 2024-жылы 58 млн сом, ал эми 2023-жылы 56 млн сомду түзгөн.
Байзак менен Чаек айыл өкмөттөрү бай айыл өкмөт болуп саналат. Алар дотациядан чыккан. Байзак айыл өкмөтүндө Кара-Кече көмүр кесими жайгашкандыктан жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө арбын каржы түшөт. Ал эми Чаек айыл өкмөтү райондун борбору болгондуктан соода-сатык жана өнөй жай, тейлөө тармагынан көп каржы түшөт. Ошондой эле бул эки айыл аймакта элдин саны башкаларга салыштырмалуу көбүрөөк.